Poem by Bhawani Shankar Nial / Кыргызчага которгон: Абдалиева Перисат Кошоевна

 
Poem by Bhawani Shankar Nial 
 
 
Oh Poetry
 
Time and again
Day and night
How often at places many
Moved around you
To meet you
Witnessed sunrises many,
How often
In the dark night
I’ve called you
Knocked at your door
Roaring like an ocean.
In birth and rebirths
Many a body left
For heavenly abode
Still I search for you
But failed in the mission.
Even today I wait
Bearing full-grown body
Of the sky, the ocean
And mountain peak
I still wait
In the endless path
Of the North Pole
 
Witnessing
The evening prayers
Of the new wed
But
I fail to attain you
Dear poetry!
I long for you
In the undiscovered cave
Of mountain
In the eternal letters
Of the universe
You are
For awakening Kundalini!
A poet for your vision
Still keeps waiting
For the auspicious moment
Of your arrival,
Numerous flames
Coming out of the Himalayas
The untied locks of Draupadi
Turning into sacred Ganga
I still wait for
Your eternal bliss
With eagerness
Of lives many
Bearing with
The silent chanting
Of unsatisfied soul
With the offerings of devotion
As Ganga Aarti.
 
 
ЭХ ПОЭЗИЯ
 
Убакыт өтөт,
күн менен түнүм.
Жолуксам деймин,
мен сага сүйүүм!
 
Канча жыл көрдүм,
күндүн атканын.
Караңгы түндө,
айдын батканын.
Кесээрип күтүп,
айдын алдында,
эшигиңди,
такылдаткамын.
 
Океандай,
күркүрөп турган,
добушуңду,
далай уккамын.
Жаратканымдын,
белеги экен,
перзентимдей,
сени туткамын.
 
Булактай болгон,
тунук сөзүңдү.
Издеймин сенин,
мөлтүр көзүңдү.
Дагы эле жүрөм,
сага жете албай,
бүгүн да күтөм,
күтөм өзүңдү.
 
Ай толгондой,
сенин келбетиң.
Асмандан тунук,
нурду себесиң.
Океандагы,
сырдуу берметим,
тоо чокудай,
бийик экенсиң!
 
Мен дагы күтөм,
чексиз жолдордо.
Жаңы үйлөнүү,
шаттуу тойлордо.
Бирок, дагы эле,
жетпей келемин,
көңүлүм толуп,
куштар болгонго!
 
Эх, поэзия!
сагындым сени.
Сырдуу үңкүрдө,
катылган кени.
Жетемин сага,
канткенде эми?
 
Түбөлүк жаткан,
ааламдан үзөм,
Күбөлүк таккан,
даванда мүдөөм.
Оргуштап чыккан,
от жалын күйгөн,
Гималайдан,
мен сени күтөм!
 
Ачылбай турган,
кулпусу анын,
Ыйык Гангасы,
суусу бар агын.
Мен дагы күтөм,
Жеткиче алым,
бүт денем ысып,
от менен жалын.
 
Сен болдуң менин,
түбөлүк бакчам.
Толкунду тартып,
көбүгүн чачсам.
Канчалык сага,
ынтызаар болдум,
Кусалык кана,
кумарга батсам!!!
 
 
I write
 
The conceited voice
Of the azure waves of the ocean
I write
And the ballad of civilization
Of carpenter bees in the mustard field.
I write the emotion of the school kids
In confusion
Having not done the home-task
Waiting at the school gate.
I write not the age-long disagreement
With one’s adorable deity.
I write the story
Of the movement of the potter’s wheel
Readied in the memorable struggle of life.
I only write
The epic of pangs of the fireflies
In the murky valley.
The folktales of sympathies
Of the defeated wars for centuries.
 
 
МЕН ЖАЗАМ
 
Мен жазам океандын,
Көгүлтүр толкундарын.
Эргитет көңүлдөрдү,
Шырп эткен үнү анын.
 
Мен жазам келечектин,
Көк мелжий талааларын.
Мезгилди алмаштырган,
Табият таржымалын.
 
Ырыма кошкон жокмун,
Келишпес пикирлерди.
Жаманды жолотподум,
Электеп эсиргенди.
 
Мен жазам окуяны,
Тарыхтын таралганын,
Кудайдын мээриминде,
Адамдын жаралганын.
 
Жөн гана жазамын мен,
Турмуштун арабысын,
Дөңгөлөк кыймылында,
Бараткан мартабасын.
 
Мен жазам эпосторду,
Байыртан келе жаткан.
Жазамын жомокторду,
Түбөлүк желе тарткан.
 
 
The Land beneath Your Feet
 
The geography of my home
Is just like
The land beneath your feet,
Where
I sit to write poems,
Write the tales of past valley.
The outline of my respiration
Like the print of your feet looks
And each heartbeat
Is but an auspicious consolation
Of earthen reflections
Moments many of regular intervals.
The long uproar of life and death
The tale of happiness and misery
And drenching weapons
During old age
In the ray of the setting sun
All seem to be the warmth
Beneath your feet.
And the coolness of your feet
Like the cool moonbeam
In the Chandrabhaga seem.
 
 
СЕНИН БУТУҢДУН АСТЫНДАГЫ ЖЕР
 
Сенин бутуң баскан жерди мен,
Бейиштин бакчасына теңештирем.
Ошол бейиш бакчасында отуруп,
Поэзиянын миң түркүн гүлүн терем.
 
Байыркы жомоктордон жазамын,
Ошо менен мен дем алып жатамын.
Баскан сенин издериңе окшоштуруп,
Нээпир түркүн кыялдарга батамын.
 
Ар кадамың, жүрөгүмдүн согушу,
Ошо мени, алаксытып сооротуучу.
Топуракта калган майда издериң,
Бакытымдын багыты болот ушу.
 
Өмүр кечип биз жок болуп кеткиче,
Бакыт менен кайгы жүрөт шериктеше.
Ысык-суукту бирге татып экөөбүз,
Жашасакпы бул жашоого болуп тете.
 
Баскан сенин майда-майда изиңден,
Жыпар гүлдүн желекчеси төгүлөт.
Салкын тарткан айдын нуру иңирден,
Кудум эле Чандрабхагдай көрүнөт.
 
 
perisat
 
Кыргызчага которгон: Абдалиева Перисат Кошоевна

Leave a Reply

Fill in your details below or click an icon to log in:

WordPress.com Logo

You are commenting using your WordPress.com account. Log Out /  Change )

Twitter picture

You are commenting using your Twitter account. Log Out /  Change )

Facebook photo

You are commenting using your Facebook account. Log Out /  Change )

Connecting to %s